Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,5323

Кыргызстанда жер силкинди

Коом
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
501
Ош облусунун Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарына жакын аймакта 3 баллдын тегерегинде жер титирөө катталды. Зилзаланын күчү  очогунда 4 баллга жеткен. Сейсмология институту 11-октябрда түшкө жуук жер титирөө болгондугун билдирген. Жер титирөөнүн очогу  Кара-Киндик айылынан 35 чакырым, Нура айылынан 20 чакырым, Сары-Таш айылынан 50 чакырым алыстыкта болсо, Ош шаарынан 135 чакырым аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Нура айылында  3, ал эми Икизяк айылында 2,5 балл болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар катталган жок.  
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.