
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган төрт адам каза болду
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Илдеттен көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Таластын ооруканаларында дарыланып жаткан. Ушуну менен COVID-19 пендемия башталгандан бери 1 203 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Бүгүнкү күндө 3 279 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен:
- 64 адам (1,9%) — канааттандырарлык абалда;
- 2 134 (65,0%) — орточо оор абалда;
- 955 (29,1%) — оор абалда;
- 126 (3,8%) — өтө оор абалда.
Ошол эле учурда 4 043 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. 479 адам илдетти жуктуруп алган.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек