Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Кыргызстанда Кытайда акысыз окууга сынак жарыяланды

Коом
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
391
16-январда Кыргызстанда Кытайдагы Шаньдун политехникалык университетине акысыз окууга 5 орунга сынак жарыяланды. Бул тууралуу «ПАТРИОТ-KG» коомдук бирикмеси билдирди.
Белгиленгендей, окуу жана жашоо акысыз болот, ал эми студенттерге 800 юань стипендия төлөнөт. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жана кытай тилин билүү милдеттүү эмес. Окутуунун биринчи жылында тил үйрөнүү курстары өтүлөт.
«ПАТРИОТ-KG» коомдук бирикмеси КРнын Кытай Элдик Республикасындагы элчилиги менен биргеликте Кытайда окууга Кыргызстандан 100дөн ашык студент жана окуучуларды жөнөткөн. Бул убакыт аралыгында бир нече долбоорлор ишке ашырылып, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнгө салынды
Булак: «Кабар»


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.