Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Кыргызстанда китептер ижарага берилет

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
375
Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 21-апрелде журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, жаңы муундагы окуу китептери жана куралдары кандайча тандаларын айтып берди.
Министрдин айтымында, окуу китептеринин кол жазмасын тандап алуу үчүн конкурстук система киргизилген. Мындан тышкары билим берүүнүн стандарттары жана сапаты боюнча көз карандысыз координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын курамында бир катар мекемелердин өкүлдөрү менен эксперттер бар. Министрлик окуу китептерин экспертизалоодо алардын пикирин да эске алат. Жаңы китептерди мектептер акы төлөтүү ыкмасы менен пайдаланууга берет. Ар бир мектеп китептерден түшкөн акчаларды атайын эсепте сактайт жана аларды жетишпеген окуу китептери менен материалдарды сатып алууга жана заказ кылууга гана пайдалана алышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.