Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны 50 миңге жакындады

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
615
Кант диабети адам организминдеги зат алмашуу бузулган эндокриндик оору болуп саналат.
  Учурда медико-социалдык проблемага айланган кант диабети менен дүйнөдө 20 жаштан 80 жашка чейинки курактагы 400 миллиондон ашык адам ооруйт. Алардын тең жарымы бул кесепеттүү кеселге кабылгандыгын билишпейт. Маселен Гонконгдо калктын 12%ы, АКШда 10%ы ушул оорудан жабыркашат. Ал эми өлкөбүздүн саламаттыкты мактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиевдин айтымында, Кыргызстанда 2016-жылдын 1-январына карата кант диабетине кабылган 47 миң 561 адам катталса, алардын 331и балдар. Тынымсыз дарыланууну жана көзөмөлдү талап кылган диабеттүүлөрдүн дарылануусуна жардам катары быйыл өлкө бюджетинен 169 миллион сом бөлүнгөн. Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча кант диабети менен органдарга медициналык жардамдар акысыз көрсөтүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.