Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Кыргызстанда иштөөгө 70 өлкөнүн жарандары уруксат алышкан

Коом
30 - Май 2017
www.erkintoo.kg
346
Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматына караганда, Бишкектеги “Мадина” базарында чет өлкөлүк 175 жаранга иштөөгө уруксат берилген. Жалпысынан Кыргызстандын базарларында чет өлкөлүк 363 жаранга жеке ишкерлик менен алектенүүгө уруксат берилген. Алардын ичинен “Мадина” базарында – 175, “Дордойдо” – 21, “Жунхайда” – 70, “Алкан базарында” – 12, Кара-Суу жана “Оомат-21 кылым” базарларында – 32, “Кербенде” – 15, “Таатанда” – 9 киши иштейт. Ал эми Кыргызстанда иштөөгө 70 өлкөнүн жарандары уруксат алышкан. Алардын эң эле көбү же 6163ү (85,6%) кытайлыктар. Түрктөр – 379 адам (5,3%). Түштүк корейлер – 122 адам (1,7%) жана Вьетнам менен Пакистан – 71 жана 70 адам (1%).
2017-жылдын 4 айында чет өлкөлүк жарандардын иштөөсүнө уруксат берүүдөн бюджетке 19,5 миллион акча түшкөн.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.