Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Кыргызстанда илимий иш жактагандар көп

Коом
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
364
Илимий иштерге коюлган талаптардын барган сайын күчөтүлүп жатканына карабастан, бул илим жактоонун сандык көрсөткүчүнө көп деле таасир эткен жок. Маселен, 2015-жылы 77 докторлук, 281 кандидаттык иш корголсо, 2016-жылы докторлук диссертация 65, кандидаттык иш 262, баардыгы 327 болду,- делет BBC Кыргыз кызматы тараткан маалыматта.  Коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча иш коргондор көп, алардын 191не  илимий даража ыйгарылган. Ошондой эле медицина тармагы боюнча да илимий иштер көп корголуп, баары 43 илимий наам ыйгарылган.  Диссертациялардын даярдалуусу боюнча эксперттер орто жана жетишээрлик дэңгээлде деп 85% диссертацияга баа беришкен. Эң төмөнкү чекте деп 10% белгиленген. Жогорку дэңгээлде деп 4% гана диссертация табылган.
 
Булак: BBC Кыргыз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.