Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Кыргызстанда чылым тартууга тыюу салынган жайлардын тизмеси жарыяланды

Коом
09 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
161
1-январдан тартып Кыргызстанда  коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган. Билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттыкты сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чеккен болбойт жана буга май куюучу станциялар да кирет. Китепкана, көргөзмө зал, аудитория, чоң жана маршруттук автобус, такси, учак, кеме, поезд, лифт, калкты тейлөө жайлары, үйлөрдүн кире бериштери, жергиликтүү жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттар, чылым тартууга атайын бөлмөсү жок коомдук тамактануучу жайлар да тамеки тартууга тыюу салынган жерлердин тизмесине кирген.  Тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.