Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Кыргызстанда чылым чеккендер көп

Коом
31 - Май 2017
www.erkintoo.kg
592
2013-жылы Кыргызстанда чоңдор арасындагы чылым чегүү 25,7 пайызды түзгөн. Тамеки тарткан 425 713 адамдын 213 миңи чылымдын кесепетинен пайда болгон илдеттерден улам көз жумат деген божомол бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин 31-май- бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата жарыялаган маалыматында айтылды.  Андыктан учурда тамекинин баасын кымбаттатуу, коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салуу боюнча катаал чаралар сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлиги муну менен алдыдагы 40 жылда 120 миңден ашык өлүмдү алдын алууга болорун боолгоп жатат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.