Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Кыргызстанда чочко этин жегендер азайган

Коом
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
432
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Мындай көрүнүш 2013-жылдан тарта орун ала баштаган.  Статистикалык маалыматка ылайык, чочко этинен өлкө аймагынын бардык тургундары баш тарткан. Ушу тапта болгону Чүй облусу менен Бишкек шаарынын гана тургундары чочко этин жейт. Ал ортодо чочконун саны да акыркы он жылда 37 пайызга — 79,6 миңден 50 миңге чейин кыскарган. Мисалы Жалал-Абадда чочконун саны 17 эсе азайган. Учурда ал жакта болгону 80 баш гана чочко калган. Эң азы Ош облусунда — 16 баш. Ал эми эң алдыда Чүй облусу турат. Бул жакта 45 миң баш чочко багылат,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.