Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

​Кыргызстанда ашык салмак менен эркектер жабыркашат

Коом
24 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
56
Кыргызстанда ашыкча салмак менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, жашы жеткендерден тарта бардык жарандарды салмагы боюнча төрт топко бөлүп карашкан.  Алар: арыктар, салмагы нормадагылар, ашыкча салмагы барлар жана өтө толуктар. Арыктар — эркектердин бир пайызы, аялдардын 1,9 пайызы; салмагы нормадагылар — эркектердин 50,1 пайызы, аялдардын 52,7 пайызы; ашыкча салмагы барлар — эркектердин 40,4 пайызы, аялдардын 32,5 пайызы; өтө толуктар — эркектердин 8,5 пайызы, аялдардын 12,7 пайызын түзгөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу