Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Кыргызстанда адал этти табыш кыйын

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
371
Кыргызстанда мал союу менен алектенген 74 ишкана катталган. Бирок, алардын бирөөсү гана бардык талаптарга жооп берет. Мындай маалыматты  Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйынында Мамлекеттик ветеринария жана фитосантиардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымдады.
Маселен, “Нарбото” базарында мал сатып алгандар, шыр эле ошол жерден сойдуруп кеткенге аракет жасашат. Бирок, ал жердеги кушкананын шарты эч кандай талаптарга жооп бербейт” - деп айтты К.Жумаканов.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.