
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Кыргызстанда 289 бала бакча иштеп жатат
Кыргызстанда ушул айда 289 бала бакча кадимки тартипте иштөөгө өттү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев брифингде билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 52 жеке, 2 ведомстволук бала бакча иштеп келүүдө. Жалпы 289 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 137си мамлекеттик, үчөө ведомстволук жана 151и жеке менчик бала бакча иштеп жатат.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек