Курс НБ на 23.06.2018 $68,2440 €79,6305

Кыргызстанда 16-январга чейин кар жаайт

Коом
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
118
12-16-январь күндөрү туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. 12- 14-16-январь күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. 13-январда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуу болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.