Курс НБ на 07.04.2020 $84,8713 €91,6016

Кыргызстанда 16-марттан 18-мартка чейин абанын кескин жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом
17 - Март 2020
www.erkintoo.kg
39

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Министрлик автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоону суранат.Маалыматка ылайык, абанын температурасынын кескин жогорулашынан улам 18-мартка чейин тоолуу аймактарда кар көчкү катталышы мүмкүн. Аны менен катар жолдор тайгак болуп, муз тоңору айтылды. ӨКМ Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 65-107-чакырымында этият болууга чакырат. Мындан сырткары, Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусу, Красная-Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдары кооптуу жай экенин эскертет. Нарын аркылуу кеткен Казарман — Ак-Тал-Чат автоунаа жолундагы Кара-Коо ашуусунда дагы сак болуу зарыл.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу