Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 89 орунда

Коом
27 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
331
Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 89 орунду ээледи. Мындай маалымат “Эл аралык  чектөөсүз кабарчылар” уюмунун жыл сайын уюштуруучу сынагында аныкталды. Сынакка 180 мамлекет катышып, жыйынтыгында Норвегия биринчи орунду, Швед мамлекети экинчи орунду, ал эми Финляндия үчүнчү орунду ээледи. Мурунку СССР өлкөлөрүнүн  ичинен Эстония  (12 -орун), андан кийин Латвия (28-орун), Литва (36-орун),  Грузия (64 — орун), Армения (79- орун), Молдавия (80 — орун), Кыргызстан (89 -орун), Украина (102 -орун), Орусия (148 -орун), Таджикистан (149- орун), Беларусь (153-орун), Казахстан (157 — орун), Азербайджан (162- орун), Узбекистан (169-орун), Туркмения (178-орун) ээлешкен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.