Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кыргызпатентте окутуучулар жана студенттер окушту

Коом
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
29
Кыргызпатент кызматкерлери С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик, Талас мамлекеттик жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасындагы салттуу билимдер жана өнөр жай менчик объектилеринин укук коргоо маселелери боюнча семинарларды өткөрдү. Семинарлардын максаты - салттуу билимдер, селекциялык жетишкендиктер жана өнөр жай менчик объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү жол-жобосу менен тааныштыруу, интеллектуалдык менчик маселелери боюнча студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Семинарга бардыгы болуп 148 адам катышты. Алардын кызыккан суроолоруна Кыргызпатенттин кызматкерлери жооп беришти.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу