Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Кыргыз-казак чек арасындагы жагымсыз жагдайлар

Коом
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
20
Депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жалпы жыйынында, Казак чек арачылары кыргыз жарандарына экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылып жатышканын айтты. Орусияга унаалар менен бара жаткан жарандарыбыз кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кыйынчылыктарга кабылып жатканын белгиледи. Ошону менен катар депутат тышкы иштер министрине чек арадагы айрым маселелерди чечүү боюнча коңшу өлкө менен сүйлөшүү керектигин  айтты. Бирок кыргыз-казак чек арасындагы бул көрүнүштөр биринчи жолу гана болуп жаткан жок. Бул жылдап келаткан маселе. Ар бир адамды чубап өткөрүшүп, арасынан бирөө жарымы казак чек арачыларына каяша берип айтышып калган болсо, 2-3 саат жөн гана жаап коюшат. Жалпы текшерүү жүрүп жатат деген болбогон жоопту берип коюшат. Мындай учурда карапайым калкка түшкөн азап. Ошого байланыштуу акелеп, жакелеп кыргыз жарандары кошомат кылып, жаның кашайып турса да, аларга күлүп сүйлөп, алардын маанайын түшүрбөөгө аракет кыласын. Мен өзүм бул көрүнүштөргө  күбө болуп калган учурларым көп болгон.
 Эми бул маселе болгондо да Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жаткандан кийин, сөзсүз түрдө жыйынтыгы болот деген үмүттөбүз. Бул боюнча тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев эл өкүлү айткан маселе көзөмөлгө алынарын убада кылды.
А.Дүйшөнбаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу