Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €101,1579

Кыргыздар да кем калышкан жок

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
563
Кечээ, 14-ноябрда өлкөбүздүн башкы прокурорун кабыл алган Президент Алмазбек Атамбаев УКМК тарабынан алынган айрым маалыматтарды кылдат текшерүүну тапшырды.
Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин ушул таптагы үч депутаты “Альфа Телеком” ЖАКтын 50% акциясын Белиз мамлекетинде катталган оффшордук “Саутфилд” компаниясы тарабынан сатылышына абдан кызыкдар болгондугу тууралуу маалыматтар билине баштады. Аталган компания 2015-жылдын 1-январына чейин акцияларды 50 миллион доллардан ашык суммага сатууга жетишсе, сөз болуп жаткан үч депутат “Саутфилд” компаниясынан 22% үлүш алышмак экен. “Альфа Телекомдун” 50% акциясы мамлекетттин пайдасынан конфискацияланып кеткендигине байланыштуу гана бул көмүскө пландар ишке ашпай калган.
Мамлекет башчысы сөз болуп жаткан маалыматтарды кылдат текшерип, жыйынтыгын жалпы журтка жарыялоо зарылдыгын баса белгилдеди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.