Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган окуучу менен жолукту

Коом
06 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
146

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 5-декабрда, менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Нурхан Таштановду жеңиши менен куттуктап, эстелик белектерди тапшырды. «Биз Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхандай сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле, Өкмөт башчы келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин белгилеп,  ыраачылыгын билдирди.

Нурхан Таштанов 1- октябрда Тайландын Банког шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада  биринчи орунду алып, «Super Champion» наамына татыган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.