Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Кыргыз авиациялык колледжи авиациялык институт болуп кайра түзүлдү

Коом
07 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
17
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Чечим Республикадагы авиациялык ишканалардын жогорку авиациялык билими бар адистерге муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынган. Буга байланыштуу мурдагы инфрактруктуранын базасында авиация облусу боюнча жогорку жана орто кесиптик адистерди даярдаган заманбап ЖОЖ түзүлөт.

Негизги басым атамекендик ишканалардын билдирмелери боюнча адистерди даярдоого багытталып, кийин жакынкы жана алыскы өлкөлөр үчүн да даярдай баштайт.

Проектин ишке ашышы биринчи кезекте Кыргыз Республикасы үчүн оң таасирин берет, анткени, бүгүнкү күндө заманбап авиациялык окуу жайга муктаждыктар бар.

Аны менен катар, ал регионалдык жана эл аралык мүнөзгө ээ, анткени, башка өлкөлөргө билим берүү кызматтарды көрсөтүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Аба транспорту өлкө үчүн  стратегиялык мааниге ээ жана өлкөнүн жалгыз авиациялык окуу жайынын келечектеги өнүгүшү, ошондой эле бүтүндөй атамекендик жарандык авиациянын өнүгүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөт ишинин приоритеттүү багыттарынын бири.

Аталган чечим ошондой эле өкмөттүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасынын алкагында кабыл алынган («Сапаттуу инфраструктура» реформа Програмасы V).



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу