Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Кыргыз – Катар кызматташтыгы бекемделет

Коом
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
21
Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катар мамлекетинин тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмед бин Хассан Аль-Хаммади менен жолугушту. Жолугушуу учурунда элчи Нуран Ниязалиев Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын тарыхы, максаттары, этноспорттук мелдештердин түрлѳрү боюнча кеңири маалымат берип, Катар Мамлекетин сентябрь айында ѳтѳ турган үчүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына катышууга расмий түрдѳ чакырды. Мындан тышкары, тараптар кыргыз-катарлык кызматташууну бекемдѳѳгѳ багытталган биргелешкен иш-аракеттерди талкуулап, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абал тууралуу ой-пикир алмашышты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу