Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

КУУнун ректору Сауд Арабия Королдугунун элчисин кабыл алды

Коом
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
148
7-февралда Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Ал-Жума мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университет менен Сауд университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотуу маселелери каралды. Канат Садыков өзү жетектеген окуу жай жана анын эл аралык байланыштары тууралуу кыскача маалымат берип, Улуттук университет үчүн Сауд университеттери менен алака түзүү маанилүү экендигин белгиледи.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.