Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

КУУда 39 кафедранын башчылары шайланды

Коом
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
9
2017-жылдын 10-ноябрында Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы №1 отуруму болуп өттү. Анда университеттин кафедра башчылары шайланды. Бул тууралуу КУУнун басма сөз кызматы маалымдады. 23-сентябрдан 23-октябрга чейин КУУдагы 73 кафедранын башчылыгына 115 талапкерден арыз түшкөн. Анын ичинен 40 кафедрага бирден, 25 кафедрага экиден, 7 кафедрага үчтөн, ал эми 1 кафедрага төрт талапкер катталган. Ошентип университетте 39 кафедранын башчылары шайланды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу