Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Куткаруу иштерине 1163 адам тартылды

Коом
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
310
Учак кырсыгынан  жабыркагандарды куткарууга  1163 адам тартылды. Мындай маалыматты  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Бүгүн таң эрте Боинг-747-400 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учагы №6491 рейс менен Манас аэропортуна май куйууга конууда кырсыктаган. Учурда окуя болгон  жерде куткаруучулар иш алып барууда.  Азырынча кырсык себептери так айтыла элек. Белгилүү болгондой жүк ташуучу учак 85 тонна жүгү менен Сокулук районун Дача-Суу айылына кулаган.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.