Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Кулактын көнчөгү инсульт тууралуу эскерте алат

Коом
30 - Май 2017
www.erkintoo.kg
479
Израилдик илимпоздордун аныктамасына таянсак, кулак көнчөгү диагоналдуу бүктөлгөн адамдардын инсультка кабылуу тобокелдиги жогору. Мындай тыянактар көп убакыт изилдөөлөрдүн натыйжасында алынып, алар American Jornal of Medicine журналына жарыяланган. Көнчөктөгү мындай бүктөм “Фрэнктин белгиси” деп аталат. Көнчөктүн өзгөчөлүктөрүн 1973-жылы америкалык врач Сандерс Т.Фрэнк жазып чыккан. Анын баамында стенокардия сыяктуу жүрөк жана кан тамыр ооруларына кабылгандардын кулак көнчөктөрүн бырыш басат.
“Фрэнк белгиси” инсульт тууралуу кабар бере алабы деген израилдик илимпоздор 242 пациентти изилдөөгө алышкан. 190 пациенттин кулактарында диагоналдуу бырыш бүктөм бар болуп чыккан. Кылдат изилдөөлөр көнчөгүндө бырыш бүктөмү бар пациенттердин 73,2%ы микроинсультка, 88%ынын мээлерине кан куюлгандыгы аныкталган. Бирок, эксперттердин баары эле мындай пикирге макул эмес. Бырыштар улгаюнун гана далили дешет алар.
Daily Mail басылмасы мындай көнчөк бырыштары көптөгөн белгилүү адамдарда, маселен 70 жаштагы режиссер Стивен Спилберг жана 61 жаштагы актер Мел Гибсондо деле бар деп эсептейт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.