Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдор 2017-жылдын 3-мартына чейин тиешелүү талапкерлердин документтерин тармактык комитетке тапшырышы керек

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
407
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдор 2017-жылдын 3-мартына чейин тиешелүү талапкерлердин документтерин  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жөнөтүшү керек. Ал эми келип түшкөн сунуштар ушул 2017-жылдын 3-апрелине чейин тармактык комитетте каралып, парламенттин кароосуна сунушталат. Бул тууралуу маселе аталган тармактык комитеттин бүгүнкү, 9-январдагы жыйынында каралды.
Коюлган талаптарда көрсөтүлгөндөй, “КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесине ылайык Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билимдүү, массалык маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарында, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу кажет.  
КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 12-13-беренелерине ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу уюмдун сунуштамасы менен чогулуштун протоколу чогуу тиркелиши керек болот.
Адатта КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Байкоочу кеңеш 5 жылга шайланып, 15 мүчөдөн турган коллегиалдуу орган болуп саналат.
Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтүп, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.