Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

«Кремль Мишкасы» конфеттери сатууга 2017-жылы чыгат

Коом
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
305
Россия президентинин Иш башкармалыгынын «Кремль» Соода үйү  «Кремль Мишкасы» конфеттерин кайра чыгара баштайт. 2017-жылдан тартып жакшыртылган рецепт боюнча даярдалган бул таттуулар көптөгөн дүкөндөргө сатыкка чыгарылат.
РФнын президентинин Иш башкармалыгынын басма сөз катчысы Елена Крылова ТАССка билдиргендей, «азыркы учурда таразага тартылган жана баштыктарга салынган конфеттер Иш башкармалыгына караштуу ишканаларга гана жиберилүүдө, а 2017-жылдан тартып катардагы керектөөчүлөр да анын даамын тата алышат».
«Кремль Мишкасы» бренди менен чыгарылган таттуулар мурда ар түрдүү фабрикалар тарабынан тартууланып, эл арасында кеңири белгилүү болгон. Бирок, бир катар себептерден улам аны чыгаруу токтотулган», - деп эске салды басма сөз катчысы.
Бул конфеттерди чыгаруу РФнын президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Александр Колпаковдун көрсөтмөсү боюнча кайрадан жолго коюлду.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.