Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт

Коом
06 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
81

6-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда жана 8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. 8-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.