
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Көп балалуу үй-бүлөлөргө окуу куралдары берилди
Бишкек шаарындагы жана Нарын, Чүй, Ош облустарындагы көп балалуу жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 1136 балага жалпы суммасы бир миллион беш жүз миң сомдон ашкан окуу куралдары тапшырылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, окуу куралдары пандемиянын коомдук жана экономикалык кесепеттеринин балдарга жана алардын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин азайтуу максатында берилди.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек