Курс НБ на 20.08.2018 $69,4557 €79,1552

Космосту багындырууга болот

Коом
10 - Май 2018
www.erkintoo.kg
33
Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов окуучулар менен жолугушуу өткөрдү. Космонавт 2 күн мурун  Москвадан Бишкекке келген. Салижан Шарипов окуучулар менен космос, бул кесиптин оор түйшүгү жана келечекте космонавт болуу үчүн кайда тапшыруу керектигин айтып берди. “Космостук жашоону көрүүгө болот. Космонавт болом деген балдар, кыздар эң биринчи сабакты жакшы окугула. Ден соолук башкы орунда. Спортту сүйгүлө. Баарын аткарса болот. Космосту багындырууга толук мүмкүн”, - деди Салижан Шарипов.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.