Курс НБ на 19.02.2018 $68,1667 €84,5131

Кореядагы Кыргызстандын элчиси ката кетирди

Коом
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
15
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүнө байланышкан маселени карайт. Мекеменин маалымат департаментинин жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен “ката кетирип койду”.
Азымбакиев элчи жарыялаган катта айтылган адамдар мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан элчилик аларга көмөк көрсөтүшү зарыл экенин билдирди:
- Алар Түштүк Кореяга расмий иш-чарага бараткан аскер адамдары болчу. Аны биздин департаменттин директору "Кыргызстандан ушундай адамдар баратат, колдон келсе, көмөк көрсөткүлө" деп кат жазган. Ал ката кетирип койду. Элчи болуп иштеп жаткандан кийин биздин мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга толугу менен баш иет. Анда мамлекеттик кызматкер эмнени жасай алаары, эмнени жасай албай тургандыгы жазылган. Эмне үчүн ал биздин департаменттин директору кол койгон ички документти ачыкка чыгарат?
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын өткөн жумада айтып чыккан. Ал мындай учур бирин-серин эмес экенин, акыркы жолу Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы аэропорттон окууга келген Кыргызстандын жарандарын тосуп алууга тапшырма келгенин айтып, ТИМдин катын жарыялаган. 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу