Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​Контейнерде окуган балдар кышында көчүрүлөт

Коом
04 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
51
Нарындагы мобилдик мектепте окуй баштаган окуучулар суук түшкөндө башка жерге которулат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева кабарлады. Маалыматтарга ылайык, жаңы окуу жылында Кеңеш айылына контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн. Анын ачылышына  Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган аткаминерлер катышкан. Учурда социалдык тармактарда талкуу жүрүп жатат. буга чейин ӨКМ аталган мектепти эскилиги жеткен деген жыйынтык чыгарган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу