Курс НБ на 18.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Колледждерге кабыл алуу 7-августта башталат

Коом
03 - Август 2020
www.erkintoo.kg
104
Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру  7-августан 25-августка чейин жүргүзүлө тургандыгын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматта биринчи турдагы кабыл алуудай эле бул жолкусунда да  абитуриенттер иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат. Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек. Быйылкы жылы кабыл алууну 145 колледж 129 адистик боюнча ишке ашырууда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу