Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Кофе ичкен адамдар узак жашайт

Коом
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1271
Кофеин организмдеги өнөкөт сезгенүүлөрдүн деңгээлин азайтат. Мындай пикир камтылган Стэнфорд университетинин илимпоздорунун макаласы Nature Medicine журналына жарыяланды.
Макаланын авторлорунун бири Дэвид Фурмандын айтымында, улгаюу, рактын көп түрү, Альцгеймер, жүрөк-кан тамыр сыяктуу жана башка бардык оорулардын 90%дан ашыгына организмдеги өнөкөт сезгенүүлөр себепкер.
Илимий жактан кофеин узак жашоого өбөлгө түзөөрү аныкталган. Фурман жана анын кесиптештери кофе менен картаюунун, курактык оорулар жана өнөкөт сезгенүүлөрдүн кандай байланышы бар экендигин алгачкылардан болуп аныкташкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.