Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Кочкордогу мектепте окуучулар 5 мөөнөт менен окуп калышы мүмкүн

Коом
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
399
Кочкор районуна караштуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебидеги окуучулар 5 мөөнөт менен окуп калышы мүмкүн.
Маалыматка караганда, азыркы тапта 240 орундуу мектепте 633 бала окуп жатат. 20-22 балага ылайыкташкан класстарда 30-35 бала батышып окуйт. Учурда окуучулар 3 мөөнөт менен билим алууда. Эртең менен окугандар таңкы саат 7:30га сабака келишет. Ал эми үчүнчү мөөнөттүн сабагы 18:00дө аяктайт. Мындан улам алыстагы окуучуларга кыйынчылыктар жаралууда.
Мектепте 1-4-класстар үчүн ысык тамак да берилбейт. Кошумча ийримдер үчүн класстар жок, мугалимдер балдарды мугалимдер үйлөрүнө окутушат. Эми 5 күндүк окууга өтүп жатканда мектеп 5 смена менен окутууга өтөт.
2002-жылы ишке кирген мектепте 45 мугалим эмгектенет.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.