Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Күндүзгү уйкунун зыяны айтылды

Коом
14 - Август 2019
www.erkintoo.kg
16
Күндүз уктоодо  мээнин айнышы өрчүп кетүү коркунучу бар. Бул туурасында  Science Translational Medicine журналына жарыяланган америкалык окумуштуулардын изилдөөсүндө айтылат. Окумуштуулардын маалыматына ылайык,  терең фазадагы уйку дефицитине кабылган 60 жаштан жогорку курактагы 119 адамга изилдөө жүргүзүшкөн.  Ар бир адамдын мээсине байкоо салууга  электроэнцефалографиялык көчмө мониторлорду колдонушкан. Жыйынтыгында адамдарда мээдеги нейрондорду талкалаган тау-белогу жогору экени аныкталган. Андыктан терс эффектинин жаралышынан адамдар түнкү уйкуну уктай албай  күндүзгү уйкуга берилгендиги себеп болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу