Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Күн жылып кетсе, суу ташкыны, көчкү коркунучу бар

Коом
28 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
540
Жаздын келиши оор болорун Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди. Маалыматтарга караганда  буга байланыштуу азыркы учурда техникалык мүмкүнчүлүктөрдү толуктоо жана алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бороновдун маалыматына караганда, учурда тоолордо 130-300% кар калың турат. Эгерде күн жылып кетсе, суу ташкыны, көчкү коркунучу бар. Андыктан  жергиликтүү бийликтерге суу ташкындарын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилген. Ошондой эле, 100га айдоо жерлерине, автожолдордун 14 участкасына жана Бирдик, Кең-Булуң айылдарынын 200 түтүн айылдарындагы 400 үйгө коркунуч жаралууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.