Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

ӨКМ каза тапкандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирет

Коом
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
430

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авиакырсыктан каза тапкандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирип берет. Мындай маалыматты  аталган министрликтин маалымат кызматынан билдирди. Эске салсак, 16-январда  эртең менен саат 7.18де "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына Гонконг — Стамбул каттамы менен бара жаткан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы кырсыкка учураган.  Маалыматтарга караганда,  ал май куюп алуу үчүн Кыргызстандын аба майданына киргени айтылган. Маалыматтарга караганда,  "Манас"аба майдандын жанындагы авиакырсыктан каза болгон 36 кишинин ичинен 32синин ким экендиги аныкталды. ӨКМден каза тапкандардын сөөктөрүн  айылдарына жеткирүү үчүн атайын техника бөлдү.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.