Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Күлүк таптоого жылына 1 миллион сомдой каражат жумшалат

Коом
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
316
Бул тууралуу Талас районунун Талды-Булак айылындагы асыл тукум жылкы чарбасынын жетекчиси Азамат Жумаев билдирген. Учурда бул чарбада 30 күлүк тапталып жатыптыр. 1 жылкыны жакшылап таптоо үчүн жыл ичинде 1 миллион сомдой каражат сарпталганын ал акчанын  саяпкердин акысы, жылкынын жем-чөбү, витаминдери жана башка иштерге жумшалаары менен түшүндүргөн. “Бизде жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар багылып, штатта 5 кызматкер бар. Өзүн-өзү каржылоочу чарба болгондуктан жумушчуларга жакшы деле маяна берилбейт. Ал эми ат таптаган саяпкерлер келишимдин негизинде, таптаган атына жараша акча алышат", - дейт ал.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.