Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Көлдө кореялык көз доктурлар үч күндөн бери элди бекер карап жатат

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
564
 Үч күндөн бери көлдүктөрдү Кореядан келген көз доктурлар бекер карап жатканын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда дарыгерлер 3-5-октябрь аралыгында элге өз кызматын көрсөтүүдө. Мындай акция Кореядагы бейөкмөт уюм менен кызматташуунун алкагында ишке ашып жатат.
Белгилей кетсек, үч жыл ичинде 300 жергиликтүү тургундун көзүнө операция жасалган. Уюштуруучулар ушундай эле медициналык жардам Бишкек шаарында дагы көрсөтүлөрүн белгилешти.
Булак: Sputnik.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.