Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Көк-Жаңгакта турак үй 59 жаштагы ээси менен кошо өрттөндү

Коом
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
338
Көк-Жаңгак шаарынын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп, 59 жаштагы ээси каза болду. ӨКМ маалымдагандай, өрт тууралуу 12-февралда саат 18:40 чамасында билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган ӨКМдин 5-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары орус улутундагы эркек кишинин жансыз денесин алып чыгышкан. Ал 59 жаштагы М.В. экени аныкталды. Тиричилик электр шаймандарын колдонууда эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.