Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Китеп сүйүүчүлөр үчүн иш-чара өтөт

Коом
13 - Август 2019
www.erkintoo.kg
72
15 - августта Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Бир адамдан - бир китеп" долбоорунун уюштуруучулары уюштуруп келаткан "Китепкөй Ала-Тоо" өнөктүгүнүн алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз!" аталышындагы иш-чара өтөт. Аталган иш-чаранын биринчи бөлүгү А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында семинар менен башталып, экинчи бөлүгү "Ала-Тоо" аянтында китеп окуу өнөктүгү менен уланмакчы. Ошондой эле аянтта Кытай Эл Республикасында билим алып жаткан кыргыз студенттеринин Баткен облусунун алыскы айылдарынын бирине "Бир адамдан - бир китеп" долбоорунун алкагында чогулткан каражаттарына китеп тапшыруу аземи болот дешти уюштуруучулар.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.