Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Киров айылында 3 жылдан бери арак сатылбайт

Коом
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
643
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Киров айылында 3 жылдан бери спирт ичимдиги сатылбайт. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Рахимжан Гапаровго шилтеме берүү менен “Марал” радиосу жазып чыкты, деп жазды fakt.kg.
«Бирөө ичимдик сатып пайда тапса, башкалардын үйүнөн тынчтык кетип, ажырашуулар арбыган. Мындан улам айылда элдик жыйын өткөрүп, ичимдик сатууга тыюу салуу чечим кабыл алганбыз. Бул чечим биздин айылда үч жыл мурун чыгарылган. Ошондон бери уруш, жаңжал токтоп, кулак тынчып калды. Ичимдик конокторго да коюлбайт» -деп айткан ал.
Андан сырткары, аталган айылда киши каза болсо, бодо мал союлбайт. Бул ысырапкорчулукка каршы чыгарылган чечим дешет жергиликтүүлөр.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.