Курс НБ на 25.05.2018 $68,2348 €80,0224

Кимчхи жана рамён

Коом
11 - Май 2018
www.erkintoo.kg
19
Кореялыктардын көбү эттен баш тартып, жашылча-жемиш менен гана тамактанганга аракет кылышат.  Корея тамактарына кошула турган азыктар жашылча-жемиштер жана көпчүлүгү ар кандай чөптөр. Корейлердин  белгилүү салаты -  Кимчхи.  Ал Кореяда ар бир үйдө күнүгө кезигип, конок келсе да бул тамакты коюудан баш тартышпайт. Андан тышкары Кимчхи деген институт ачылып, ал жакта маал-маалы менен кимчхини даярдоо курстары өтүп турат. Кореяда гана эмес, Бишкекте да өтүмдүү болгон рамён – курамына эт, жумуртка, козу карын, көк пияз жана ачуу татымалдар кошулган кесме шорпо. Ал үчүн төмөнкү азыктар керектелет. Рамён кесмеси – 1 даана, жумуртка – 2 даана, эт – 100 грамм, көк пияз – 2-3 талча,  кооздоо үчүн жашылчалар колдонулат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу