Курс НБ на 23.08.2019 $69,7961 €77,4597

Кемпирдин сөөгүн мүрзөдөн казып алгандар 3 жылга камакка алынышы ыктымал

Коом
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
296
Ала-Бука районундагы  баптист динин тутунган маркум 76 жаштагы кемпирдин мүрзөсүнүн казылышы боюнча соттук отурум  27- декабрда өтүп, ага маркумдун кызы жана жоопкерчилиги каралып жаткан тараптар менен күбөлөр чакырылды.  Жооптуу тараптар менен күбөлөр суралып, күбөлөрдүн толук келбей калганына байланыштуу сот отуруму 4-январга жылдырылган. Маалыматтар боюнча  көр казгандар 3 жылга соттолушу мүмкүн жана алардын бирөөсү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. кармалып, ал "өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактаган" деп айыпталууда,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.