Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Кээ бир аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт

Коом
12 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
68
Эртең  түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6; Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 1…6; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8; Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8; Бишкек шаарында  түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.