Курс НБ на 26.02.2020 $69,8500 €75,8850

Кечээ, 27-январда, кыргызстандык киши коронавируска кабылды деп шектелип ооруканага жаткырылган

Коом
28 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
39

 Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментинин директору Толо Исаков билдирди. Анын айтымына караганда, эркек киши кечинде Таиланддан келген. "Манас" аэропортундагы тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын аныктаган. Киши жөтөлүп да жатканын билдирген.

"Ал Республикалык инфекциялык ооруканага жеткирилген. Ал текшерүүгө алынгандан кийин коронавируска кабылбаганы аныкталды", — деди Исаков.

Анткен менен департаменттин жетекчиси кыргызстандык киши кайсы ооруга чалдыкканын айта алган жок.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу