Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Көчөт кыздардын да укугу бар

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
803
Бишкекте 11-октябрда кыздардын эл аралык күнү белгиленет. Аталган иш-чараны Bread for the world эл аралык уюмдун колдоосу менен "Балдарды коргоо борбору" уюштурууда. Бул датага арналган иш-чара 1-10-октябрга белгиленген. Анын алкагында кыздар кабылган көйгөйлөргө коомдун көңүлүн буруу, алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн окуучулар арасында кыздардын укуктары боюнча эссе жаздыруу, тренинг, спорттук иш-чаралар, театр-форумдар, фотокөргөзмө жана флешбомдор өткөрүлөт. "Акцияга Бишкектин айрым мектептери активдүү катышууда. Кыздардын укуктарын колдоо боюнча иш-чара 11-октябрда жыйынтыкталат. Эл аралык кыздар күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2012-жылдын 11-октябрынан бери белгиленип келет. Резолюцияны кабыл алуу сунушун Канада мамлекети демилгелеген. Майрам дүйнө жүзү боюнча кыздардын укуктарын таанууга негизделүүдө.
Сымбатт Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.