Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Казакстанда IV Эл аралык илимий-диний конференция өтүп жатат

Коом
12 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
99
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Казакстан Мусулмандарынын дин Башкармасы Орусия муфтийлер кеңеши жана  Орусия Мусулмандарынын дин Башкармасы менен биргеликте уюштуруп жаткан «Руханий Жибек-Жолу, Ислам жана жаштар: Бүгүнкү күндүн чакырыктары» аталышындагы IV Эл аралык илимий-диний конференцияга катышууда. IV Эл аралык илимий-диний конференцияга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Кадыр ажы Маликов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директоруну орун басары Закир Чотаев, Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин, Өзбекстан мамлекетинин Муфтийи  Усмонхон ажы Алимов, Қытай Ислам ассоциациясынын төрагасы Хасан Фа Мин, Монголия мамлекетинин Муфтийи Батырбек Хадыс, Финляндиядагы Ислам ортолугунун төрагасы Голтен Бедретдин баштаган 300 делегат катышып, дин жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашууда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу